ДЕНЕ ТАРБИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:56, 31 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕНЕ ТАРБИЯ – жалпы тарбиялоонун адам ден соолугун чыӊдоого ж-а дене өсүшүнө арналган бөлүгү. Дене тарбиянын негизин физикалык көнүгүүлөр, дене­ни чыӊдоо, эмгек ж-а турмуш гигиенасы түзөт. Дене тарбия Байыркы Римде ж-а Грекияда өнүккөн. Орто кы­лымда Францияда Рабле, М. Монтель Дене тарбияны акыл-ой, билим м-н байланышта кароо керек дешкен. Орус педагогу Я. А. Каменский өзүнүн эмгектеринде балдар гигиенасына,тамактануу ж-а ден соолук режимине, оюнга, машыгуулар­га өзгөчө көӊүл бурган. Орус педагогдору ж-а коомдук ишмерлери В. Г. Белинский, Н. Г. Чер­нышевский баланын Дене тарбиясына чоӊ маани берген. Улуу педагог К. Д. Ушинский окуучулардын эс­ке тутуусун өрчүтүп, чарчаганда эс алыш үчүн Дене тарбия сөзсүз керектигин, аны мектеп программа­сына киргизүү зарыл экенин айтып, кийин мек­теп программасына киргизилген. Мектеп жашы­на чейинки кенже балдарда Дене тарбиянын негизи баланы тазалыкта багуу ж-а туура тамактан­дыруу болсо, мектеп жашында Дене тарбия атайын программа м-н Дене тарбия сабагында ж-а сабактан тышкары убакта өткөрүлөт. Дене тарбияны өнүктүрүү үчүн гимнастика, спорт оюндары, туризм ж. у. с-га катышуу зарыл. Совет доорунда жаш­тардын денесин тарбиялоо максатында Бүткүл союздук физкультура комплекси (ГТО) колдо­нулган. Ошондой эле 1939-жылдан Бүткүл союздук физ­культурниктер күнү белгиленген, к. Дене тар­бия системасы, Спорт.