ДЕНЕ ТЕМПЕРАТУРАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:12, 31 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕНЕ ТЕМПЕРАТУРАСЫ – организм ж-а айла­на-чөйрөнүн жылуулук продукциясы м-н жы­луулук алмашуу балансын чагылдыруучу ком­плекстүү көрсөткүч. Муздак кандуу (пойхило­термдүү) жаныбарлардын Дене температурасы чөйрөнүн температурасына жараша өзгөрүп турат. Жылуу кандуу (гомойотермдүү) жаныбарларда жылуулук про­дукциясы ж-а жылуулук берүү ургаалдуулугун аныктоосу жылуулукту жөнгө салуучу механиз­ми м-н туруктуу (38–40–42°С) кармалып турат. Дене температурасы тиричиликке жараша өзгөрүп (0,5–2°С) ту­рат (тынч абалда же уктаганда Дене температурасы төмөндөйт, кара жумушта көтөрүлөт). Дене температурасы организмдин ички чөйрөсүнүн ж-а терисинин температурасы бо­луп айырмаланат. Ички органдардын температурасы аларда болуучу биохимиялык процесстердин ургаал­дуулугуна жараша ар түрдүү болуп, териники­нен жогору. Киши терисинин ар кайсы бөлүгүндө да ар кандай. Дене температурасы чөйрө температурасына, нымдуу­лугуна, кыймылга, кийимге, теринин тазалы­гына ж. б. жараша болот. Улгайган ж-а кары­ган кишилердин Дене температурасы орто жаштагыларга са­лыштырганда бир аз төмөн. Кичине балдарды­кы ар кандай абалда өзгөрүп турат. Ал түрдүү ооруларда ж-а жылуулукту жөнгө салуу бузул­ганда өзгөрүлөт. Көпчүлүк сезгенүү ж-а жугуш­туу ооруларда жогорулайт. Дене температурасынын төмөндөшү уулануу, кома ж. б-да байкалат.