ДЕНУДАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:43, 31 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕНУДА́ЦИЯ (лат. denudatio – сыйруу, ачып жайдактоо) – тышкы күчтөрдүн таасиринен тоо тектердин үбөлөнүп талкалануу, төмөн шиле­нүү ж-а ойдуӊ жерлерге, түздүктөргө топтолуу процесси. Шамалдын, жаан-чачындын, агын суулар м-н океан ж-а деӊиздердин, муз ж-а мөӊгүлөрдүн аракетинен жер бетиндеги тоо тектер­дин үстүнкү кабаттары тынымсыз талкаланып турат. Үбөлөнгөн тектер каптал ылдый кулайт, аларды нөшөр жамгыр шилеп агызат, шамал учурат, агын суулар эзет, эритет, майдалайт, мөӊгүлөр жылган кезде жышылып, жылмала­нат, деӊиз толкуну өзү м-н кошо ала келет. Тал­каландылар түзөӊ жерлерге топтолуп, чөкмө тектердин катмарлары пайда болот. Бул про­цесстер климаттын өзгөрүшү ж-а тектоникалык кый­мылдар м-н тыгыз байланыштуу. Узак убакыт бою Денудация болгон тоолуу жерлерде чокулар, кыр­лар талкаланып, төмөндөйт, дарыя өрөөндөрү, кокту-колот кеӊейип, жер бетинин түзүлүшү өзгөрөт. Натыйжада майда дөӊсөөлүү д е н у­ д а ц и я л ы к т ү з д ү к т ө р пайда болот.