ДЕПОРТАЦИЯ
ДЕПОРТА́ЦИЯ (лат. deportatio – кубалоо) – куугунтуктоо, сүргүн. Адамды мажбурлап мамлекеттин чегинен чыгаруу. Депортация көп учурда тигил же бул мамлекетке мыйзамсыз кирип алган чет өлкөлүк жарандарга же өлкөнүн жараны эмес адамдарга карата колдонулат.