ДЕПУТАТ
ДЕПУТА́Т – (лат. deputatus – жиберилген, жөнөтүлгөн) – мамлекеттин мыйзам чыгаруучу же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бийлик органдарына эл тарабынан шайланган өкүл. Депутат жалпы, теӊ ж-а тике шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү м-н расасына, улутуна, билимине, жынысына, ата-тегине, мүлк абалына карабастан шайланат. КР Жогорку Кеӊешине 5 жылдык мөөнөткө курагы 25тен жаш эмес, жергиликтүү кеӊешке түздөн-түз 4 жылдык мөөнөт м-н 20 жашка толгон КРдин ар бир жараны Депутат болуп шайлана алат. Депутат ар дайым шайлоочулар м-н байланышта болуп, өзүнүн иши боюнча отёт берет. Жогорку Кеӊешке шайланган Депутат кол тийбестик укугуна ээ.