ДЕРАТИЗАЦИЯ
ДЕРАТИЗА́ЦИЯ (лат. de – жоюу, четтетүү ж-а фр. rat – келемиш) – жугуштуу оору, ылаӊ пайда кылуучу же таратуучу, ошондой эле экономикалык жактан зыян келтирүүчү кемирүүчүлөрдү (келемиш, чычкан) жок кылуу чаралары. Ага химиялык, механикалык ж-а биологиялык ыкма м-н жок кылуу, таштандыларды жыйноо, тазалоо кирет. Дератизация турак үйлөрдө, кампа, тегирмен, мал сарай, кеме, самолёт, жашылча сактагыч, күнөскана ж. б-да жүргүзүлөт. Алдын алуучу ж-а жок кылуучу Дератизация болуп бөлүнөт. Алдын алуучу Дератизацияда кампанын пайдубалы бетон, таш же кыштан бийик салынат; келемиштин азыгы м-н ийини жок кылынат; терезе, эшиктери бүтөлөт. Жок кылуучу Дератизацияда келемиштерге каршы механикалык, химиялык ж-а бактериологиялык ыкмалар колдонулат. Механикалык ыкмада капкан ж-а кармагычтар, ал эми, химиялык ыкмада ууланган заттар колдонулат, келемиштердин ийинине уу (кан антикоагулянттары, ратиндан, зоокумарин ж. б.) чачылат. Бактериологиялык ыкмада келемиштерге каршы бактериялуу заттар коюлат. Аны эпидемиологиялык станциялар, ветеринариялык адистер жүргүзөт.