«БАЙЧЕЧЕКЕЙ»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:16, 31 Март (Жалган куран) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
«БАЙЧЕЧЕКЕЙ» журналы

«БАЙЧЕЧЕКЕЙ» - бала бакча жана башталгыч класс курагындагы балдарга арналган, түстүү сү­рөттүү, адабий-көркөм журнал. 1977-жылдын ян­варынан баштап чыгууда. Башкы редактору - акын Токтосун Самудинов. Бул журналдын максаты - бөбөктөрдү мек­тепке даярдоочу жана башталгыч мектеп программасын толуктоочу материалдарды жарыялоо менен жеткинчектин таанып-билүү жөндөмүн арт­тырууга жана эне тилинин байлыгын, көркөм-касиетин өздөштүрүүгө көмөктөшүү болуп эсептелет. Негизги рубрикалары: «Ата журтуң - алтын уяң», «Кел, чо­гулуп окуйлу!», «Сабактан кийинки сабак», «Та­биятты сүй, үйрөн, кастарла!», «Эмне үчүн мин­тип айтабыз?», «Куйма кулак балдарга», «Туу­ган жердин аттары», «Адептүүлүктүн алиппеси», «Сөз оюндар». Испаниялык «Асіиаіійай» жур­налынын эл аралык сыйлыгы менен сыйланган (2003).