ДЕРБИШЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:21, 31 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕРБИШЕВ Канат [1891, Бишкек уезди, Кара- Балта болушу (азыркы Жайыл району, Кызыл-Ок­тябрь айылы) – 1976, ошол эле жер] – Кыргызстанда Совет бийлигин орнотуу ж-а чыӊдоо үчүн кү­рөшкө катышуучу. Орус жергиликтүү мектебинде оку­ган (1906). 1918-жылы Ак-Суу революциячыл-аскердик комитетинин төрагасынын орун басары болуп туруп, Ак-Суу козголоӊун басууга активдүү катышкан. 1919-жылы Баку (азыркы Жайыл району) болуштук революциячыл аткомунун төрагасы болуп шайлан­ган. 1920-жылы Ак-Суу болуштук комитетинде комис­сардын орун басары, жарды-жалчы революциячыл комитетинде катчы-мүчө, 1921-жылдан Түркстан КПнын уездик-шаардык комитетинин окуу-бөлүш­түрүү бөлүмүнүн, Бишкек уезддик жумушчу-дый­кан инспекциясынын арыздар бюросунун, пар­тиянын Бишкек уезддик-шаардык комитетинин уюш­туруу бөлүмүнүн башчысы. 1924-жылы үгүт-насыят бөлүмүнүн башчысы, ошондой эле бюро мүчөсү болгон. 1925-жылы облустук партия комитети тарабынан Түркстан Республикасынын БАКтын алдындагы өзгөчө комиссияга иштөөгө жиберилген. 1925-жылы Кара-Кыргыз АОнун уюмдаштыруу съездине катышкан. 1926-жылы Жалал-Абадда, 1927-жылы Чүй кантонунда жер­-суу комиссиясында иштеген. 1927-жылы Кыргыз АССР Советтеринин 1-уюштуруу съездинде Кыр­гыз АССР БАКтын мүчөлүгүнө шайланган. 1928– 30-жылдарда «Кыргыз асыл тукум» трестинде деректир­дин орун басары, 1931–33-жылдарда Алай-Гүлчө районунда иштеп, басмачылар м-н күрөшкө активдүү ка­тышкан. 1934-жылы репрессияланып, партиянын катарынан чыгарылган. 1958-жылы 29-декабрда пар­тиялуулугу калыбына келтирилип, акталган. Ысымы Жайыл районундагы Талды-Булак орто мектебине ж-а ал жердеги көчөгө ыйгарылган.