ДЕРБИШЕВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 31 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕРБИШЕВА Замира Касымбековна (8. 4. 1952-жылы туулган, Фрунзе) – тилчи, филология илимдеринин доктору (2001), КРдин билим берүүсүнүн отлич­ниги (1999). Орус тили ж-а адабият мугалимдери­нин дүйнөлүк ассоциациясынын Кыргызстандагы мү­чөсү (2005). Контрастивдик лингвистика, лингвистикалык маданият, лингвистикалык типология боюнча адис. Воронеж мамлекеттик университетин (1974), Москвадагы В. М. Ломо­носов атындагы университеттин аспирантурасын (1978), КМУнун докторантурасын бүткөн (2001). КМУда доцент, кафедра башчысы, декан (1978–2001). 1999-жылдан КМУнун алдындагы коммуника­циялык лингвистикалык борбордун директору, 2001-жылдан Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин азыркы тилдер жогорку мектебинин директору. Ал 100дөн ашуун илимий эмгектин, анын ичинде монография­лардын ж-а окуу китептеринин автору.

Эмг.: Теоретические основы контрастивной морфо­логии русского и кыргызского языков. Б., 2000; Функциональная грамматика русского и кыргызского языков. 2004; «Тил көпүрө» окуу комплекси. Б., 2005; «Кыргыз тилин окутуу китеби». Б., 2007.