ДЕРЖАВИН
ДЕРЖА́ВИН Гаврила Романович [3(14). 7. 1743, азыркы Татарстан, Карамачи же Сокуры кыштагы – 8(20). 7. 1816, азыркы Новгород облусу, Званка кыштагы] – орус акыны, орус классицизминин өкүлү. Казан гимназиясында окуган (1759–62). Алгачкы ыры 1773-жылы жарык көргөн. Алгач М. В. Ломоносовдун салтында жазса, кийинки «Князь Мещерскийдин өлүмүнө ода» (1779), «Фелица» (1784), «Шаркыратма» (1798) ж. б. чыгармаларында өзүнүн жеке поэтикалык стилин тапкан. «Бийлөөчүлөргө жана өкүмдарларга», «Төрө» сыяктуу чыгармаларында бузукуларды айыптаган. Философиялык лирикасынын негизги мотиви – өлүм ж-а өмүр жөнүндөгү ой толгоолор (мисалы, «Князь Мещерскийдин өлүмүнө ода»). «Кудай» аттуу одасында адам баласын улуу да, арзыбаган макулук да катары мүнөздөгөн.
Чыг.: Сочинения/Вступ. статья, сост., подгот. текста, прим. Г. И. Ионина. СПб., 2002.
Ад.: Ходасевич В. Ф. Державин. М., 1998.