ДЕРМАТИТ
ДЕРМАТИ́Т (гр. dtrma – тери) – теринин сезгениши. Оору физикалык (рентген, күн нуру), химиялык (щелочь, кислота), механикалык таасирден пайда болот. Анын жөнөкөй ж-а өнөкөт түрү бар. Жөнөкөй түрүндө тери кызарып, ыйлаактайт, ал теринин ачык жеринде болот. Химиялык заттар м-н иштегендерде көп жолугат. Өнөкөт Дерматит дүүлүктүргүчтүн көпкө чейин таасир эткенинен болуп, тери калыӊданып, көгөрөт. Дүүлүктүргүч таасир жоготулса, ал тез сакайып кетет. Белгилери ар түрдүү болушу мүмкүн: дене ысыйт, дүүлүгөт, уйку качат, нерв системасынын иши начарлайт ж. б. Алды м-н аны пайда кылган себептерди четтетүү зарыл. Алдын алууда санитардык-гигиеналык чаралар ж-а жумуш орундарын таза кармоо, желде-
түү, атайын кийимдер, көз айнек, тосмолор ж. б. колдонуу керек.