ДЕСНА
ДЕСНА – Россия м-н Украина аймактары аркылуу аккан дарыя, Днепрдин сол куймасы. Узундугу 1130 км, алабынын аянты 88,9 миӊ км2. Смола-Москва дөӊсөөсүнөн башталып, Канев суу сактагычына куят. Жогорку агымында жээгинин көбү жапыз ж-а саздуу, Брянск шаарынан төмөн карай оӊ жээги көтөрүӊкү. Сейм дарыясы куйгандан кийин дарыя көп салааларга бөлүнүп, нуктарды пайда кылат. Орточо чыгымы 360 м3/сек. Декабрдан майдын башына чейин тоӊот. Новгород-Северский шаарынан тартып үзгүлтүксүз кеме жүрөт. Боюнда Ельня, Жуковка, Трубчевск, Чернигов ж. б. шаарлар жайгашкан.