ДЕСОРБЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 31 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕСО́РБЦИЯ (de... ж-а лат. sorbeo – сиӊирем) – адсорбцияга тескери процесс; адсорбенттин бетинде ж-а көлөмүндө жутулган заттын кай­радан сыртка бөлүнүп чыгышы. Десорбция ылдамды­гы төмөнкү формула м-н туюндурулат: ϖd=

=f(θ) . k .exp(–εd/ RT), мында f(θ) – адсорбент моле­куласы м-н анда жутулган адсорбат молекула­сынын өз ара аракеттешүү мүнөзүнө ж-а адсор­бенттин бетинин абалына көз каранды функ­ция, kd – Десорбция ылдамдыгынын турактуусу, εd – ад­сорбциянын активдештирүү энергиясы, Т – абсолюттук температура. Десорбция ар кандай материалды кургатууда, гетерогендүү катализаторду регенерациялоодо, адсорбенттик насосту иштетүүдө, адсорбентте ж-а абсорбентте жутулган газ, буу сымал ж-а эриген баалуу заттарды бөлүп алууда ж. б. кеӊири колдонулат.