ДЕТАЛДАШТЫРУУ
ДЕТАЛДАШТЫРУУ к ө р к ө м с ү р ө т ө н ө р ү н д ө – сүрөттү ар тараптан толуктоо үчүн ийне-жибине чейинки майда-чүйдөлөрдү бүт камтуу менен бир нерсени аткаруу, тартуу (айрым учурда деталдаштырылган сүрөт тартууну «бүткөрүлгөн», «кооздолгон» деп туура эмес атап жүрүшөт). Деталдаштырылган аткарууну бир эле техникалык көз караш менен кароого болбойт, себеби ал мындай учурда ар кандай жыйынтыктарга алып келет. Деталдаштыруу бир эле учурда композициялык идеяга ачык-айкындыкты бере алат, анын идеялык элестүүлүгүн күчөтөт. Ф. Энгельс: «Реализм типтүү кырдаалдарда типтүү мүнөздөрдү чындыкта чагылдыруу менен чыныгы деталдарды да өз ичине камтыйт»,– деп айткан. Эгерде сүрөткер майда-чүйдөгө көбүрөөк көӊүл бурса, анын натуралисттик мүнөздөгү ишин төмөндөтүүчү багыт пайда болот (карагыла, Натурализм). Көчмө сүрөтчүлөрдүн живописи, ал эми өткөн заманда – алгачкы Кайра жаралуу доорунун көп сүрөтчүлөрүнүн иши Деталдаштыруунун жемиштүү үлгүлөрүнөн болуп эсептелет.