ДЕТЕКТИВ АДАБИЯТ
ДЕТЕКТИ́В АДАБИЯТ (лат. detego – ачуу, иликтөө) – чаташкан ар түрдүү кырдаалдарга, дароо эле чечилбеген түйүндүү сырларга толгон, шумдуктуу, курч окуялардын ж-а мыкаачылык кылмыштын негизинде жазылган чыгармалар. Детектив адабияттын пайда болуу тарыхы дүйнөлүк карым-катыш, соода-сатык күчөгөн кезде кылмышкерлер көбөйүп, адам өлтүрүү, талап-тоноо, бейкүнөө кордук тартуулар сыяктуу коомчулукту дүрбөткөн көптөгөн материалдардын басма сөздөрдө кеӊири жарыяланышына байланыштуу. Адабияттын бул түрүнө америкалык жазуучу Э. По (1809–49) негиз салган. 19-кылымдагы Детектив адабияттын көрүнүктүү өкүлдөрү: Э. Габорио, У. Коллинз (Франция), А. Конан-Дойл ж. б. Кыргыз жазма адабиятынын өнүгүш тарыхында саналуу гана жазуучулар бул жанрга кайрылышкан. Детектив адабияттын айрым үлгүлөрү (мисалы, М. Жоошбаевдин «Канжар» повести) жарала баштады. Кийинчерээк бул жанрга Э. Өмүракунов («Жыландар ханышасы», 1994), М. Макенбаев («Прес-Хата», 1998), Ч. Абыке уулу («Бриллиант жылан», 1998) кайрылган.
Ж. Медералиева.