ДЕТРОЙТ
ДЕТРОЙТ – АКШнын түндүгүндөгү шаар. Мичиган штатында, Гурон ж-а Эри көлдөрүнүн аралыгында. Улуу Көлдөрдөгү порт. Калкы 858,8 миӊ (2007; шаар айланасы м-н 4,6 млн, 1990). Автомобиль өнөр жайынын дүйнөдөгү ири борбору. Детройтто ж-а анын айланасында «Форд», «Крайслер», «Женерал моторс» автомобиль монополияларынын башкы өнөр жай ишканалары, башкармасы, илимий-изилдөө лабораториясы иштейт. Кара металлургия, машина куруу, металл иштетүү, химия, аскер өнөр жайы өнүккөн. Эки университет бар. Музейлери: искусство инту, Г. Форддун ж-а Гринфилд-виллиж. Детройтту 1701-жылы француздар негиздеген.