ДЕФЕКТОЛОГИЯ
ДЕФЕКТОЛО́ГИЯ (лат. defectus – кемчилик ж-а ...логия) – майып ж-а кем акыл балдардын өсүшүнүн мыйзам ченемдерин ж-а өнүгүү өзгөчөлүктөрүн, аларды окутуу ж-а тарбиялоо маселелерин изилдөөчү илим тармагы. Дефектологиянын түрлөрү: сурдопедагогика – дүлөй, начар уккан балдарды тарбиялоо ж-а окутуу жолдорун, тифлопедагогика – сокур, көзү начар көргөн балдарды тарбиялоо ж-а окутуу маселелерин, олигофренопедагогика – акыл-эси кем балдарды тарбиялоо ж-а окутуу жолдорун, логопедия – балдардын сөзүндөгү кемчиликтерди оӊдоо жолун изилдейт. Дефектология неврология, патофизиология, патопсихология, жалпы педагогика ж-а балдар психологиясы, электрфизиология, тил таануу ж. б. илимдер м-н байланыштуу. Кемтиктүү балдарды атайын адистер – дефектологдор окутат ж-а тарбиялайт. Аларды окуу жайлардын атайын факультеттери, Кыргызстанда И. Арабаев атындагы КМУнун алдындагы педагогика институту даярдайт.