ГУМИЛЁВ Николай Степанович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 22 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГУМИЛЁВ Николай Степанович (3 (15). 4. 1886, Кронштадт – 24. 8. 1921, Петроград) – орус акыны, котормочу, адабий сынчы, акмеизмдин көрүнүктүү өкүлү. «Романтикалык гүлдөр» (1908), «Берметтер» (1910), «Бөтөн асман» (1912), «Саадак» (1916), «Костёр», «Чопо павильон» (1918), «Оттуу түркүк», «Чатыр» (1921), «Ырлар. Өлгөндөн кийинки жыйнак» (1922) аттуу китептердин автору. О. эле «Мик» (1918) поэмасы, «Пальманын көлөкөсү» (1922) аӊгемелер жыйнагы, «Орус поэзиясы жөнүндө каттар» (1923) сын макалалар жыйнагы, «Кавалердин каты» (1915–16) очерки, «Гондла», «Аллахтын балдары» (1917) аттуу пьесалары бар. Георгий Крест III-, IV даражадагы (1914, 1915), Станислав ордени м-н (1917) сыйланган.