ДЕФЛЕКТОР
ДЕФЛЕ́КТОР (лат. defleсto – четтетем, алып кетем) – 1) ар кандай имараттан, ошондой эле темир жол вагондорунан кир абаны сордуруп алуу үчүн түтүктүн (шахтанын) сырткы учуна орнотулган түзүлүш. Кээде Дефлектор имараттын ичине абаны берүү үчүн кызмат кылат (мисалы, кемелерде). Дефлектор аба агымынын (шамалдын) кубатын пайдаланууга негизделген. Ал негизинен металл барактарынан (болоттон), айрым учурда бетон, асбест-цемент ж. б. материалдан жасалат. 2) Магнит компасынын девиациясын четтетүүчү ж-а өлчөөчү магниттик курал. 3) Газ агымынын, суюктуктун, чубурма заттардын, үн толкунунун багыттарын өзгөртүүчү жабдык.