ДЕФЛЯЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:18, 1 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕФЛЯ́ЦИЯ – 1) жүгүртүүдөн ашыкча акча мас­сасын жасалма алып салуу. Өлкөнүн өкмөтү та­рабынан салыкты көбөйтүү‚ эсеп ставкасын жогорулатуу‚ мамлекеттик акча кагаздарын сатуу ж. б. жолу м-н инфляциянын темпин төмөндөтүү мак­сатында жүргүзүлөт; 2) баанын жалпы деӊгээ­линин төмөндөшү же акчанын сатып алуу жөн­дөмүнүн жогорулашы. Эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн жогорулашынан ж-а товардын наркынын тө­мөндөшүнөн же жүгүртүүдөгү акчанын санын чектөөдөн‚ ошондой эле жалпы сурамдын азайышы­нан улам пайда болот.