ДЕФО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:27, 1 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕФО́ Даниель (1660-жылдар чен, Криплгейт – 26. 4. 1731, Мурфилдс) – англиялык жазуучу, саясий ишмер, англис реалисттик романын баштоочу. Яков IIге каршы герцог Монмауттун козголоӊу­на катышып, 1688–89-жылдардагы «Даӊктуу революция» деп аталган мамлекеттик төӊкөрүштү жак­таган. «Таза кандуу англис» (1701) аттуу сати­ралык ырында ж-а «Диссиденттерди жазалоо­нун эӊ оӊой жолу» (1702; бул чыгарма үчүн ка­макка алууга өкүм чыгарылган) памфлетинде ак сөөктөрдү, фанатизмди ашкерелесе, «Долбоор­дун тажрыйбасы» (1697) сыяктуу чыгармала­рында буржуазиялык өнүгүүнү жактаган. 1720–22-жылдарда «Жигиттин аӊгемеси», «Капитан Сингльтон», «Полковник Жактын тарыхы» деген романдар­ды жазган. Укмуштуу окуялуу романдарынын ичинен «Молль Флендерс» (1722) авантюралык чыгармасында өз табынан ажырагандардын – буржуазиялык коомдон жапа чеккендердин кунарсыз турмушун чагылдырган. Дефонун белгилүү «Робин­зон Крузонун укмуштуу окуялары» романы (1719) кыргыз тилине которулган (1964).

Ад.: Урнов Д. М. Дефо. М., 1990.