БИР КАЛЫПТАГЫ КЫЙМЫЛ
БИР КАЛЫПТАГЫ КЫЙМЫЛ – убакыт бирдик ичинде бирдей жолду басып өткөн кыймыл. Бул учурда кыймыл турактуу ылдамдыкта болот, мында – өткөн жол, – убакыт. Катуу нерсе бир калыпта алга умтулуучу, айланма жана буралма кыймылда болот. Алга умтулуу кыймылында нерсенин бардык чекиттери бирдей кыймылдайт жана ылдамдыгы барабар. Айланма кыймылда – айлануу огунда жатпаган нерсенин чекиттери тийиштүү айлана боюнча, айлануу огу окту бойлото, ал эми алга умтулуу кыймылында болсо, нерсе буралма кыймылда болот.