БИР КЛЕТКАЛУУЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 1 Апрель (Чын куран) 2025 карата АУ Үсөн (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИР КЛЕТКАЛУУЛАР – денеси бир клеткадан турган организмдер. Буларды микроскопсуз жөнөкөй көз менен көрүүгө болбойт. Өсүмдүк дүйнөсүндөгү бир клеткалуулар – п р о т о ф и т т е р, ал эми жаныбарларды п р о т о з о а деп аталат. Алар бөлүнүү жана жыныс жолу (коньюгация) менен көбөйөт. Бактериялар, балырлар менен кээ бир козу карындардын, жөнөкөйлөрдүн көпчүлүгү бир клеткалуу, булар сууда, топуракта жана организмдерде (мителер) жашайт. Жаныбар жана өсүмдүктө жашагандары аларды жабыркатат.