ДЕШТ-И КЫПЧАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:43, 1 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕШТ-И КЫПЧА́К , К ы п ч а к т а л а а с ы – 11–16-кылымдардын жазма булактарынан белгилүү бол­гон, Борбордук Азиянын түндүк-батышынан орун алган тарыхый-географиялык аймак. Түштүгүндө Аму- Дарыя м-н Сыр-Дарыянын төмөнкү алабынан баштап, түндүгү Урал тоолорунун жарымы, чы­гышында Батыш Алтай ж-а Иртыш өзөнүнүн эки өйүзү; батышы Дунайдын төмөнкү агымы­на чейинки жерлерди кучагына алган. Бул ата­лыш алгачкы ирет (1030) фарсы акыны На­сир-и Хосровдун дастанында эскерилет. Аймак­та башка калктар (огуз ж. б. тилдүү түрк уруу­лар, финн-угорлор ж. б.) жашаса да, кыпчак­тардын саясий ролунун өсүшүнөн улам фарсы тилинде Дешт-и Кыпчак деп аталган. Орус жылнаама­ларында бул аймак «половец талаасы», «куман талаасы» деген ат м-н да белгилүү. Моӊгол чабуу­лунан кийин деле бул аймак өзүнүн атын сак­тап, Урал (Жайык) суусунун чыгыш жак бөлүгү Ак Ордого карайт. Бул аймакта жашашкан уруулардын көбү кийинчерээк Орто Азия м-н Казакстан элдерин кураган түрк элдеринин кура­мына кирип, алардын этностук бөлүгүн түзгөн.

Ад.: Кудряшов К. В. Половецкая степь. М., 1948; Плетнева С. А. Половцы. М., 1990.

О. Каратаев.