ДЕШТЕ-КЕВИР
ДЕ́ШТЕ-КЕВИ́Р – Иран тайпак тоосунун түндүгүндөгү чөл. Иранда. Узундугу 500 кмдей, туурасы 250 кмге чейин. Таманы такыр, шор басып, какшып бараткан саз ээлеген бир нече жазы өрөөндөрдөн (абсолюттук бийиктиги 600–800 м) турат. Жаанчыл мезгилде ылайланган көлчүктөргө айланат. Саз балчыктарынын курамында 22%ке чейин туз болот. Ошондуктан бул чөл Чоӊ-Туз чөлү деп да аталат. Кумдуу чөлдөр бар. Чет жакасында оазистер сейрек кездешет.