ДЕӉГЭЭЛ ӨЛЧӨГҮЧ
ДЕӉГЭЭЛ ӨЛЧӨГҮЧ – деӊиз, көл, бассейн суусунун, жабык, ачык идиштеги, резервуардагы (казан, бак, ванна) суюктуктун деӊгээлин аныктоочу прибор. Деңгээл өлчөгүчтүн көп түрү бар: сызыктуу (суюктуктун деӊгээли рейка м-н өлчөнөт), калкыма, гидростатикалык (манометрдин принциби боюнча); электрдик (контакттардын тийиши аркылуу); фотоэлектрдик (фотоэлементке түшүүчү жарыкка негизделген), радиоактивдүү изотоптук (изотоптордун нурланышы боюнча), салмактык (суюктук куюлган идиштин салмагына жараша), иондоштурулган ж. б. Суюктук деӊгээлинин көрсөткүчтөрүн алыс аралыкка берүүдө Деңгээл өлчөгүч билдиргич же каттоочу курал м-н жабдылат.