ДЕӉИЗ АГЫМДАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:16, 1 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕӉИЗ АГЫМДАРЫ , о к е а н а г ы м д а р ы – океан м-н деӊиздерде суунун түрдүү күчтөрдүн (гравитациялык, сүрүлүү, ташкын пайда кылуучу) таасири астында бир тарапты багыттап жылышы. Алар Дүйнөлүк океандын суу режиминде ж-а деӊизде сүзүүдө мааниси зор: суу алмашып аралашууга, жылуулуктун тара­лышына, материк жээктеринин калыптанышы­на, порттордун акваториясынын тайызданышы­на, калкыма муздардын таралышына, ошондой эле Жер шарынын айрым бөлүктөрүнүн климаты­на тийгизген таасири зор. Деңиз агымдары шамалдын таа­сиринен, суунун тыгыздыгы м-н деӊгээлинин айырмачылыгынан пайда болгон, байкалган мөөнөтү боюнча – туруктуу, убактылуу, мезгил-мез­гили м-н байкалуучу, жылына багытын эки жолу өзгөртүүчү (муссон шамалдарына байла­ныштуу); байкалган орду боюнча – үстүнкү, астын­кы, тереӊдиктеги ж-а түпкү агым; физика-химиялык касиеттери боюнча – жылуу (Гольфстрим, Куросио ж. б.), муздак (Бенгал, Канар ж. б.), бейтарап, туздуу ж-а мала туздуу; кыймылга келүү мүнөзү боюнча – түз сызыктуу, циклондук ж-а антицик­лондук ж. б. агымдарга бөлүнөт. Деңиз агымдарынын ба­гытына Жердин өз огунда айлануу күчү (Карио­лис күчү) да таасирин тийгизет; түндүк жарым шарда оӊ тарапка, түштүктө сол тарапка ооп агат. Ошондой эле Деңиз агымдарына жээк тилкесинин орун алы­шы ж-а суу түбүндөгү рельефтин түзүлүшү да таа­сир этет. Көп учурда Деңиз агымдары океандарда жогоруда аталган факторлордун биринен гана эмес, көп­чүлүгүнүн айкалышынан пайда болот.