ДЕӉИЗ ДЕӉГЭЭЛИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:22, 1 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕӉИЗ ДЕӉГЭЭЛИ – Дүйнөлүк океандын тынч абалдагы орточо деӊгээлин билгизген (нөл гори­зонту катары эсептелген) шарттуу белги. Деңиз деңгээли жер бетинин Дүйнөлүк океандан бийиктигин ченөөгө мүмкүнчүлүк берет. Деӊиздин толкушу, ташкындашы, деӊиздин үстүнкү бетинин жы­лышы ж-а муздашы, атмосфералык басымдын туруксуз­дугу, жаан-чачын м-н буулануу ар кандай күч­төрдүн таасиринен өзгөрүп турат. Деңиз деңгээли «көз ир­мемдик», ташкындык, орточо суткалык, орточо ай­лык, орточо жылдык ж-а орточо көп жылдык болуп бөлүнөт. КМШ аймагында Деңиз деңгээли катары Балти­ка деӊизинин (Финн булуӊу) Кронштадттагы футшток нөлүнөн алынган. Ушул деӊгээлден тартып КМШ өлкөлөрүнүн жеринин бетинин бийиктиктери өлчөнөт. Кыргызстандын деӊиз деӊгээлинин орточо бийиктиги 2750 м, эӊ бийик жери 7439 м (Какшаалдагы Жеӊиш чокусу), эӊ жапыз жери 401 м (Лейлек районунун аймагында).