ДЕӉИЗ КЛИМАТЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:33, 1 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕӉИЗ КЛИМАТЫ , о к е а н к л и м а т ы – океан, деӊиздердин атмосферага тийгизген таасири­нен пайда болгон климат. Ачык океандарга, аралдарга ж-а мелүүн алкактардагы материк­тердин батыш жактарына мүнөздүү. Материк­терге ичкерилеген сайын ал континенттик климатка өтөт. Деңиз климатында абанын температурасы жыл бою, сутка ичинде акырындык м-н аз өзгө­рөт. Жайында абанын нымдуулугу көбөйөт. Жаан-чачын арбын болуп, шамал дайыма деӊиз­ден согот. Атмосфералык циркуляциясы батыштан чыгыш­ка багытталгандыктан, жумшак Деңиз климаты көбүнчө ма­териктин батыш жээктерине мүнөздүү. Ысык- Көл кылаасындагы климат Деңиз климатына жакын.