ГУМИН ЖЕР СЕМИРТКИЧИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:27, 23 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГУМИ́Н ЖЕР СЕМИРТКИЧИ (лат. humus – топурак, кыртыш) – негизинен гумин к-талары м-н минерал бирикмелерден турган жер семирткич. Гумин к-таларына же гумин к-талуу заттарга (чым көӊ, күрөӊ көмүр, чиринди) аммиак, фосфаттардын аммиак эритиндиси, фосфор к-тасы ж-а калий туздарын таасир этүүдөн алынат. Алгачкы сырьёго жараша курамы ж-а аталышы ар түрдүү: гумофос, натрий м-н аммоний гуматы, нитрогуматтар (чым көӊгө же күрөӊ көмүргө азот к-тасы же аммиак м-н таасир этүүдөн алынат), чым көӊ-аммиак жер семирткичи ж. б.