ДЕӉИЗ КОЁНЕКТЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:35, 1 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕӉИЗ КОЁНЕКТЕРИ (Aplysia) – арткы бака­лоорлуу моллюскалар уруусу. Денесинин узундугу 40 смге жетет, ачык түстө. Башында 2 жуп тин­түүрүнүн арткысы коёндун кулагына окшош. Капталындагы буттары жогору сүзүүгө жардам берет. Чоӊдорунун раковинасы жука пластин­ка түрүндө болуп, мантия м-н жабышып турат. Мантия көӊдөйүндө аларды бирөө тынчсыздан­дырганда ачык кызыл түстөгү уулуу суюктук­ту бөлүп чыгаруучу бездери бар. Алардын 35ке жакын түрлөрү тропик ж-а субтропик деӊизде­ринде жашайт. Өсүмдүк м-н азыктанат.