ДЕӉИЗ ЛИЛИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:36, 1 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕӉИЗ ЛИЛИЯСЫ (Crinoidea) – омурткасыз жаныбарлырдын ийне терилүүлөр тибиндеги классы. Деӊиз түбүндө эркин жүргөн же бир нер­сеге бекиген гүлгө окшош жандык. Денеси чөй­чөктөй, ортосунда оозу жайгашкан. Чөйчөкчө­нүн түбүнөн өсүп чыккан канатка окшош бу­тактанган сабактары м-н майда планктондорду кармап жейт. 700дөн ашык түрү бар. Тропик деӊиздеринде кеӊири таралган.