ДЕӉИЗ ФАУНАСЫ
ДЕӉИЗ ФАУНАСЫ , д е ӊ и з ж а н ы б а р л а р д ү й н ө с ү – океан ж-а деӊизде жашоочу бардык жаныбарлар. Деңиз фаунасынын 160 миӊге жакын: жөнөкөйлөр 10 миӊ (фораминифералар, радиоляриялар, чыбырткылар ж-а инфузориялар), былпылдактар 5 миӊ, ичеги көӊдөйлүүлөр 9 миӊ, жыш түктүү ж. б. курттар 7 миӊ, омуроо буттуулар ж-а балык курттар 4 миӊ, моллюскалар 80 миӊ, рак сымалдар 20 миӊ, ийне терилүүлөр 6 миӊ, кабыктуулар 1 миӊ, балыктар 16 миӊ ж-а сойлоочулар м-н сүт эмүүчүлөрдүн 150 түрү белгилүү. Жаныбарлар дүйнөсүнүн бардык тиби деӊиз чөйрөсүндө пайда болгон. Алардын кээ бир өкүлү тузсуз сууда ж-а кургакта жашоого өтүп, тузсуз сууда ж-а жер үстүндө жашоочу жаныбарларды түзгөн. Омурткалуу жаныбарлардын кээ бири деӊиз чөйрөсүнө кайра келип, кургак м-н байланышын сактап калган (калак буттуулар, деӊиз таш бакасы). Кээ бир канаттуулар (пингвиндер, альбатростор ж. б.) көбүнчө океандарда жашайт. Деңиз фаунасы суу тереӊдеген сайын азая баштайт.
Ад.: Богоров В. Г. Жизнь моря. М., 1954.