БУТАК МУРУТ РАКТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:52, 1 Апрель (Чын куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУТАК МУРУТ РАКТАР (Cladocera) – жалбырак буттуулар түркүмүнүн рак сымалдар түркүмчөсү. Узундугу 1 ммден кемирээк, кээде 5 ммге чейин жетет. Денеси анча тунук эмес, кош капкалуу карапакска бекиген. Башы ылдый караган тумшугуна өтөт. Фасеттүү көзү бар. Чоӊ эмес антенналары абдан узун кыл сымал, сүзгөнгө жардам берет. Көкүрөк буттары көпчүлүгүндө чыпка милдетин аткарат. Боорунун аягында 2 тырмагы бар. Алардын 380дей түрү бардык жерде, тузсуз көлмөлөрдө кезигет, деӊизде жашоочу түрү аз, тропик токойлорунда мамык чөптө жашагандары да белгилүү. Көбү детрит, бактериялар, бир клеткалуулар менен азыктанышат, жырткычтары да бар. Айрымдары балыктарга жакшы азык. Балык заводдорунда мекире сымалдарга жана лососторго атайын тоют катары өстүрүлөт.