ДЗОТ
ДЗОТ («дерево-земляная огневая точка» деген орусча сөздөрдүн баш тамгаларынан куралган) – согуш талаасындагы коргонуучу жай. Термин алгач 1939–40-жылдарда Совет-финн согушунда пайда болгон. Улуу Ата Мекендик согушта жыгачтан жасалып, топурак м-н жабылган ок атуучу жайлар Дзот деп аталган. Согуштан кийин ок атуу чекиттери өӊүттөгү курал катары эсептелип калгандыктан, бул термин колдонуудан алынган.