ДИАГНОЗ ПРОГРАММАЛАРЫ
ДИА́ГНОЗ ПРОГРАММАЛАРЫ (Diagnostic routines – тест жүргүзүү программалары) – компьютер системасынын татаал жабдуулар ж-а программалык жабдыктар жыйындысы. Алардын бири иштен чыгып калса, анда компьютер системасы бузулат же туура эмес жыйынтыкка келет. Диагноз программалары кандай жабдуу орнотулгандыгын, алардын иштешинде ката жоктугун, айрым программалардын туура иштешин аныктайт.