ДИАЗОБИРИКМЕЛЕР
ДИАЗОБИРИКМЕЛЕР – азоттун эки атому м-н көмүр тектин бир гана атому байланышкан тобу бар органикалык бирикмелер. Жалпы формуласы RN2X.
Ароматтык Диазобирикмелерде Х – кислотанын калдыгы же гидроксид тобу. Алифаттык Диазобирикмелерде Х-тобу жок. Алифаттык Диазобирикмелер туруксуз ж-а реакцияга өтө жөндөмдүү; ысытканда жарылуу м-н ажырайт, суу, галогениддер ж. б. м-н реакцияга кирип, азотту бөлүп чыгарат. Ароматтык Диазобирикмелерде диазотоп ароматтык радикалдарды ж-а органикалык эмес бирикмелердин калдыктарын кармап турат. Ароматтык Диазобирикмелердин көпчүлүгү туруксуз ж-а реакцияга өтө жөндөмдүү болот. Катуу абалындагы Диазобирикмелерди ысытканда же урганда катуу жарылат. Эритме түрүндө өтө акырындык м-н, ошондой эле жарыктын таасиринен ажырайт. Ароматтык Диазобирикмелер түрдүү органикалык бирикмелерди синтездөөдө ж-а азобоёкторду алуу өнөр жайында кеӊири колдонулат. Ароматтык аминдерди диазоттоодон алынат.