ДИАЛЕКТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:51, 2 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИАЛЕ́КТ (гр. dialektos – сүйлөө, сүйлөшүү) – жалпы элдик тилдин бир бөлүгү, белгилүү бир аймакка тараган тилдик бөтөнчөлүктөр; тил­дин кээ бир грамматикалык, фонетикалык ж-а лексикалык өзгөчөлүктөрү м-н айырмаланган түрү. Кыргыз тилинде «түндүк» ж-а «түштүк» деп шарттуу аталган эки Диалект бар. Түндүк Диалектиге: Чүй, Талас, Ысык- Көл, Нарын облустарында, ал эми Түштүк Диалектиге: Ош, Жалал-Aбад, Баткен облустарында ж-а Өзбекстан м-н Тажикстанда жашаган кыргыздардын тили кирет, мисалы, чака (түндүк) – челек (түштүк), чөбөгө (түндүк) – тыбыт (түштүк). Көркөм чыгармада каар­мандардын образын ачып берүү үчүн колдону­лат. Адабий тилдин ж-а ММКлардын өнүгүшү м-н Диалектилик айырмачылык бара-бара жоюлушу мүмкүн.