ДИАЛЕКТИКАЛЫК МАТЕРИАЛИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:09, 2 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИАЛЕКТИКАЛЫК МАТЕРИАЛИ́ЗМ – «Марк­сизмдин философиялык окуусу ж-а коммунист­тик партиялардын дүйнөгө көз карашы» (совет­тик философиялык аныктамадан). Д. м. ж-а анын не­гизги принциптери 19-к-дын 40-жылдарында К. Маркс м-н Ф. Энгельс тарабынан түзүлүп, В. И. Ленин аны андан ары өнүктүргөн. Диалектикалык материализм бирден-бир жеткилеӊ иштелип чыккан философиялык система деп эсептелинген. В. И. Лениндин сөзү м-н айтканда, марксизмдин философиясы – Диалектикалык материализм немис классикалык философиясына, ай­рыкча, Л. Фейербахтын материализмине, философия теориянын туу чокусуна жеткен Гегелдин улуу диалектикасына таянган. Табият таануу илим­дери жаатындагы улуу ачылыштар (энергия­нын сакталуу закону, клетканын ачылышы, Дарвиндин эволюция теориясы), коомдук өнүгүүнүн индустриялык баскычка өсүп жетилиши, тары­хый ж-а социалдык изилдөөлөрдүн деӊгээли тур­муш алдыга койгон орчундуу, түпкү болмуш­тук маселелерге жооп бере ала турган жаӊы, чыныгы илимий теорияны иштеп чыгуу милдети дүйнөлүк коомдук ой-пикирдин алдына курч коюлган тарыхый чакырык Диалектикалык материализмди турмушка алып чыкты,– делет марксизм тарыхынын ба­янында. Диалектикалык материализм теориясынын ырастоосуна ыла­йык, материя – дүйнөнүн жападан-жалгыз не­гизи, чордону. Ал эми аӊ-сезим болсо, анын касиети. Дүйнөнүн кыймылы ж-а өнүгүшү, Диалектикалык материализм окуусу көрсөткөндөй, анын ички карама-кар­шылыктарынын натыйжасында, башкача айтканда карама-каршы жактардын биримдиги м-н күрөшү, сан­дык өзгөрүүлөрдөн сапаттык түргө өтүү, тануу­ну тануу (үч баскычтуу өнүгүү: тезис – антите­зис –синтез) сыяктуу бүт баарына жалпы таан­дык мыйзамдардын негизинде жүрүп турат. Диалектикалык материализмдин предмети жалпылык ж-а жекелик, маӊыз ж-а көрүнүш, мазмун ж-а форма, бүтүн ж-а бөлүк, себеп ж-а натыйжа, мүмкүндүк ж-а чын­дык, зарылдык ж-а кокустук сыяктуу катего­рияларында ачылат. Диалектикалык материализмдин эӊ маанилүү принциби – тааным теориясы: жаратылыштын өнүгүү, өсүү мыйзам ченемдүүлүктөрүнө ойлоо­нун (ой жүгүртүүнүн) өсүп-өнүгүү тенденцияла­рынын дал келишин, болмуш м-н ойломдун мый­замдарынын бипбирдейлигин көрсөтөт.

Т. Абдылдабеков.