ДИАЛЕКТОГРАФИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 2 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИАЛЕКТОГРА́ФИЯ , л и н г в и с т и к а л ы к г е о г р а ф и я – диалектологиянын бир бөлүгү. Диалектилердин таралыш аймагын изилдейт. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын баш ченинен улуттук атластардын түзүлүшүнө байланыштуу өнүгүп келатат. Россияда тилдик көрүнүштөрдү географиялык жактан изилдөө иши 19-кылымдын 2-жарымында башталган. Орус тилиндеги Диалектография боюнча пландуу түрдө даярдалган туӊгуч эмгек – «Орус диалектология­сынын очерки тиркелген орус тилинин диалек­тологиялык картасынын Европадагы тажрый­басы» (1915), «Селигер көл аймагынын лингви­стикалык атласы» (1949), «Орус элинин Моск­вадан Чыгышка чейинки борбордук областта­рындагы говорлордун атласы» чыккан (1957).