БОЗТЕКТИР КӨРҮСТӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 2 Апрель (Чын куран) 2025 карата АУ Үсөн (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЗТЕКТИР КӨРҮСТӨНҮ – б. з. ч. 6–3-к-га таандык археол. эстелик. Кетментөбө өрөөнүндөгү Чычкан суусунун оӊ жээгинде жайгашкан. Көрүстөн 40 дөбө-коргондон турат. Бийикт. 2–5 м, диаметри 20–45 мдей. Көрүстөн 1972-ж. И. Кожомбердиев жетектеген археол. отряд тарабынан табылып, изилденген. 27 коргон казылып, тонолуп кеткендиги аныкталган. Буга карабастан, коргондон чопо идиштер, илбирстин башы түшүрүлгөн сүрөттөрү бар коло буюмдар, аттын ооздугу, канжардын сабы, жебенин учу ж. б. табылган. Д. Ф. Винник.