БОЗЕ–ЭЙНШТЕЙН СТАТИСТИКАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:26, 2 Апрель (Чын куран) 2025 карата АУ Үсөн (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БО́ЗЕ–ЭЙНШТЕ́ЙН СТАТИСТИКАСЫбозон системасына колдонулуучу кванттык эсептөө. Аны 1924-ж. индия окумуштуусу Ш.Бозе сунуш кылып, А. Эйнштейн өнүктүргөн. Квант механикасында бөлүкчөлөрдүн системасынын абалы анын координаталарына ж-а спиндерине карата толкун функциясы аркылуу түшүндүрүлөт. Анда толкун функциясы бирдей бөлүкчөлөрдүн ар кандай түгөйүнүн орун алмашуусуна карата симметриялуу. Мындай толкун функцияларына квант абалын сандарга толтуруу чектелбейт, б. а. бир эле кванттык абалда каалаган сандагы бирдей бөлүкчөлөр болот. Ал өтө суюлтулган газда Больцман статистикасына өтөт.