ДИАЛИЗ
ДИА́ЛИЗ (гр. diflysis – бөлүнүү, ажыроо) – жарым өткөргүч мембрананын жардамы м-н эритмелердеги коллоиддик бөлүкчөлөрдү ж-а ири молекулалуу бирикмелерди бөлүү ыкмасы. Бөлүнө турган заттар мембранадан ар түрдүү ылдамдыкта өтөт. Ошондуктан талдоо диффузия закондорунун негизинде жүрөт. Аны жүргүзүү үчүн тазалануучу коллоиддик эритмелер м-н эриткичтин ортосунда жарым өткөргүч мембрана коюлат. Ал электролиттердин иондорун эриткичке өткөрүп, коллоиддик бөлүкчөлөрдү өткөрбөй тосуп калат. Эриткичтин молекулалары мембрана аркылуу коллоиддик эритмелерге өтөт. Бул процесстин ылдамдыгы коллоиддик эритмелер тазаланган сайын төмөндөйт. Жарым өткөргүч мембраналар нитроже ацетатцеллюлозадан ж. б. полимерден даярдалат. Целлофан, пергамент кагаздарын пайдаланууга да болот. Диализ механикалык ж-а электрдик болуп бөлүнөт. Диализ электр тогунун жардамы м-н жүрсө электрдиализ деп аталат. Ал көп технологиялык процесстерде физика-химиялык ж-а биологиялык изилдөөлөрдө, ошондой эле медицинада колдонулат.