ДИАМАГНЕТИЗМ
ДИАМАГНЕТИ́ЗМ – магнетизмдин бир түрү; заттардын тышкы магниттөөчү талаанын багытына карама-каршы магниттениши. Нерсени магнит талаасына жайгаштырсак, электр-магниттик индукция законунун негизинде анын ар бир атомунун электрондук кабыкчасында индукцияланган туюк ток пайда болот. Бул ток ар бир атомдо Ленц эрежеси боюнча тышкы магнит талаасына багытталган индукциялык магнит моментин пайда кылат. Диамагнетизмдүү зат диамагнетик деп аталат.
Ад.: Вонсовский С. В. Магнетизм. М., 1971.