ДИАМАГНЕТИК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:48, 2 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИАМАГНЕ́ТИК – сырткы магнит талаасында ага карама-каршы багытта магниттелген, башкача айтканда диамагнетизмге ээ болгон зат. Сырткы маг­нит талаасы болбосо Диамагнетик магниттелбейт. Диамагнетиктин магниттик кабылдоочулугу дайыма терс ж-а сан мааниси боюнча өтө кичине болот (~10–6 – 10–5). Диамагнетикке инерттүү газдар, газ түрүндөгү азот, суутек, жарым өткөргүч кристаллдар – Si, Ge, металл­дар – Cu, Bi, Au, Ag ж. б. көптөгөн элементтер, ошондой эле органикалык ж-а органикалык эмес бирикмелер кирет. Диамагнетикти илимге М. Фарадей киргизген (1845).