ДИАМЕТР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:53, 2 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИА́МЕТР (гр. diāmetros – туурасы) – 1) a й­л а н а н ы н (т е г е р е к т и н) борбору аркылуу өтүүчү хорда. Айлананын Диаметри бул хорданын узундугу деп да аталат. 2) Э к и н ч и т а р­т и п т е г и с ы з ы к т а р д ы н Диаметри – параллель хордалардын ортосу аркылуу өтүүчү түз сызык. Хорданы теӊ экиге бөлүүчү Диаметр хорда-

га тутумдаш деп аталат. Эллипс ж-а гипербола­нын Диаметри ийринин борбору аркылуу өтөт (а, б сүрөт). Өз ара перпендикулярдуу тутумдаш Диаметр б а ш к ы Диаметр делет. Параболанын Диаметри анын симметрия огуна параллель (в сүрөт). 3) М е т ­р и к а л ы к м е й к и н д и к т е г и к ө п­ т ү к т ө р д ү н Диаметри – көптүк чекиттеринин арасындагы аралыктардын жогорку чеги.