ДИАПАУЗА
ДИАПА́УЗА (гр. diāpasis – тыныгуу) – көпчүлүк жаныбарлардын өөрчүүсүндөгү зат алмашуунун кескин төмөндөшү ж-а форма түзүүчү процесстердин токтолушу м-н мүнөздөлгөн физиологиялык тереӊ тыным мезгили. Диапаузанын башталышы метаморфозду ж-а өөрчүүнү иретке салуучу нейроэндокрин системасынын өзгөрүүлөрү же өөрчүүгө тоскоол болуучу атайын гормондордун бөлүнүп чыгышы м-н шартталат. Организмдеги Диапауза м-н өөрчүүнүн муун алмашуусун мезгилдик цикл жаратат. Курт-кумурскаларда Диапаузанын башталышын шарттоочу маанилүү экологиялык факторлорго күндүн узактыгы ж-а температура кирет. Диапаузанын токтолушу ж-а өөрчөөнүн калыбына келиши организмге төмөнкү температуранын же күн жарыгынын узакка таасир этүүсүнөн келип чыгат. Ар кайсы түрдөгү курт-кумурскалардын Диапаузасы алардын тиричилигиндеги белгилүү гана баскычтарга туш келет. Алсак, курт-кумурскалардагы Диапауза эмбриондук ж-а имаголук болуп бөлүнөт. Диапауза учурунда организмдин сырткы ыӊгайсыз шарттарга болгон байымдуулугу артат.