ДИАРЕЯ
ДИАРЕ́Я (гр. diarrhtō – агам), и ч ө т к ө к – тез-тез суюк заӊдоо. Диарея өз алдынча оору болбостон, көптөгөн патологиялык процесстердин белгиси катары пайда болуп, ага дизентерия, тамак-аштан уулануу, ич келте, холера, ичегинин өнөкөт сезгенүү оорулары (энтероколит, колит ж. б.), ошондой эле карын м-н уйку безинин маӊызы жетишсиз болгондогу тамак сиӊирүүнүн бузулушу, ичегилердин начар иштеши себеп болот. Айрым кишиде катуу кайгырганда, корккондо, кээ бир тамак-ашты (сүт, жумуртка, жашылча-жемиш) сиӊире албаганда да болушу мүмкүн. Диарея лабораториялык, бактериологиялык, рентгендик ж-а эндоскопиялык изилдөөлөр м-н аныкталат. Оорулуу айланасындагыларга жуктуруу коркунучунда гана ооруканага жаткырылат. Өз алдынча дарыланып, антибиотиктерди колдонуу оорунун белгилерин чаташтырып, туура диагноз коюуга тоскоол болот ж-а дарттын кабылдап кетишине алып келет. Алдын алууда тамактануу тартибин, жеке гигиенаны туура сактоо (идиш-аякты, тишти таза кармоо), ичеги-карын оорусун алдын алуу ж-а дарылоо зарыл.