ДИАСПОРА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:07, 3 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИ́АСПО́РА (грекче diasporf – таратуу, чачыранды болуу) – өз тарыхый мекенинен сырткары, баш­ка өлкөлөрдө жашаган этностук топ. Диаспора зордоп көчүрүү, геноцид коркунучу, ошондой эле экономикалык жана со­циалдык себептердин натыйжасында пайда бол­гон. «Дисапора» термини алгач биздин заманга чейинки VI кылымдын башын­да Палестинадан куулуп, сыртта жашаган еврей­лерге, кийин башка этностук жана диний топтор­го карата колдонула баштаган. Диаспора өкүлдөрү жа­шап жаткан аймагында улуттук-маданий бор­борлорду түзүп, рухий маданиятын сактоо жана өнүк­түрүү, улуттук салттарды, үрп-адаттарды жа­йылтуу, ата журту менен маданий байланышта болуу, маданий-агартуу иштерин жүргүзөт. Кыргызстанда да жашаган улуттардын Диаспоралары бар. Ал эми Россия, Казакстан, Түркия, Кытай, Ба­тыш Европа, Америка жана башка өлкөлөрдө кыргыз Диаспоралары катталган.

О. Каратаев, С. Эралиев.