ДИАТЕЗ
ДИАТЕ́З (гр. difthesis – жакын) – организмдин ар кандай ооруларга жакындыгы, түрдүү дүүлүктүргүчтөргө тубаса же кийин пайда болгон өзгөчө сезгичтиги. Көбүнчө жаш балдар ооруйт. Анын бир нече түрү бар. Э к с у д а т - к а т а р д ы к Диатез 3 жашка чейинки балдарда көп жолугат. Анда баланын денесинде дүүлүктүрүүчү бөрү жатыш ж-а кызыл тактар пайда болуп кычышат. Л и м ф а Диатези м-н 3–7 жаштагы балдар көп ооруйт. Мында организмдин түрдүү заттарга сезгичтиги күчөйт. Анын тукум куума ж-а тубаса түрү бар. Н е р в - м у у н Диатези негизинен нерв системасынын өзгөчөлүгүнөн ж-а организмде зат алмашуунун бузулушунан пайда болот. Г е м о р р а г и я Диатези каны начар уюган адамда жолугат. Негизги белгилери: бети кызарып, дүрдүйөт, тизеде, каштын үстүндө тактар пайда болуп, чач какачтанат, териси бышат. Мындай балдар бат-бат ооруйт, ичи өтөт же катат. Диатез болгон балада тери оорулары (экзема, нейродермит, кычыткы), дем алуу органдарынын оорулары (бронхит, бронх астмасы) көп жолугат. Дарылоону себептерине ж-а организмдин өзгөчөлүгүнө жараша врач жүргүзөт. Баланы мүнөздөп тамактандыруу сунуш кылынат. Алдын алуу үчүн кош бойлуу аялдар ж-а бала эмизген энелер Диатез пайда кылуучу тамак-ашты жебей, талгактан ж. б. оорулардан өз убагында дарылануусу зарыл.